2025-жылдын 1-августунда Чоң-Алай районунун Кызыл-Туу участкасындагы ПМК айылында, А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин жанында балдар аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 млн 28 миң сомго бүткөрүлдү.

Аянтчанын ачылышына Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек, айылдык кеңештин төрагасы Сталбек Мойдунов, депутат Самарбек Мурзабеков, жана мектеп директору Исматилла Ажибеков катышып, тургундарды куттукташты.

Бул аянтча — балдар үчүн коопсуз, жаркын жана кубаныч тартуулоочу жай. Бул жерде алар ойнойт, эс алышат, бири-бири менен достошуп, бактылуу балалыкты өткөрүшөт.

Аянтчанын курулушуна демилгелеп катышкан айылдык кеңештин депутаттары эл үчүн ишин уланта берерин белгилешти.

Балдарыбыздын күлкүсү ушул аянтчада көп жылдар жаңырып турсун!