Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Турак-жай жана коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын (бетон заводу) андан ары өнүгүшү үчүн шарттар түзүлүүдө.
Буюруса, октябрь айынын акырына чейин заводдун жабык аянтынын курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул аянтта буу (пар) менен кургатылган сапаттуу бетон продукциялары — кольцо, жайыт тосмолору, арык куймалары (латоктор) өндүрүлөт.
Мындан ары шамал же жамгыр учурунда да жумушчуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул ишкананы жыл сайын кеңейтип, өндүрүштү өнүктүрүү негизги максат болуп саналат.

