Жаш-Тилек айылында таза суу тартуу иштери башталды

Жаш-Тилек айылынын Жаман Жар участкасына таза ичүүчү суу алып келүү иштери башталды. Жалпы узундугу 700 метр болгон линия боюнча «Дара-Таза суулар» ишканасы каз тамандуу экскаватор менен иштерди жүргүзүүдө. Бул аракет айыл тургундарын туруктуу жана коопсуз суу менен камсыз кылууга багытталган.

Чоң-Алайда бетон заводу өнүгүү стадиясында

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Турак-жай жана коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын (бетон заводу) андан ары өнүгүшү үчүн шарттар түзүлүүдө. Буюруса, октябрь айынын акырына чейин заводдун жабык аянтынын курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул аянтта буу (пар) менен кургатылган сапаттуу бетон продукциялары — кольцо, жайыт тосмолору, арык куймалары (латоктор) […]

Чоң-Алайда 2026-жылга карата долбоорлор талкууланды

Бүгүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жыйындар залында жаңы 2026-жылга пландалган долбоорлор боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү жамааттардын катышуусунда кеңири талкуу болуп өттү. Иш-чарада KOICA–Good Neighbors IRDP ишке ашырып жаткан “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында Койка уюму тарабынан айыл чарба инфраструктурасына болгон муктаждыктар жана жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо мүмкүнчүлүктөрү бааланды. Сурамжылоо баракчаларын толтуруу учурунда ар бир айыл […]