География жана демография
Чоң-Алай айыл аймагы Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Борбору — Дароот-Коргон айылы. Аймак тоолуу шартта, деңиз деңгээлинен орто эсеп менен 2500–3200 метр бийиктикте орун алган.
Географиялык мүнөздөмө
- Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасынын түштүк-батыш бөлүгүндө, Памир-Алай тоо кыркасынын этегинде.
- Борбор шаарына чейинки аралык: Ош шаарынан болжол менен 300 км алыстыкта.
- Жер аянты: 132 322 гектар (анын ичинде айыл чарба жери, жайыт, турак жай жана башка категориялар).
- Климаты: катаал тоолуу континенттик; кышы узак, жазы кыска жана салкын.
- Негизги дарыялар: Кызыл-Суу, Ак-Бура жана алардын тармактары.
Демография
Калкынын жалпы саны
17496 адам
2025-жылга карата маалымат боюнча.
Жалпы үй-бүлөлөр
2 315 үй-бүлө
Эмгекке жарамдуу калк
7 820 адам
Этникалык курамы
Кыргыздар — 99,7%
Башка улуттар — 0,3% тегерегинде.
Айыл конуштар
- Дароот-Коргон (борбор)
- Жаш-Тилек
- Жар-Башы
- Кызыл-Эшме
- Кызыл-Туу
- Кара-Шыбак
- Кулчу
- Сары-Булак
- Чак
- Жаман-Жар