Чоң-Алай айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн документтерди 2025-жылдын 1-декабрына чейин кабыл алат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда гана Президенттин демилгеси боюнча караларын маалымдайбыз.


Керектүү документтердин тизмеси

  1. Эне жашаган айыл аймактан толтурулган сыйлоо барагы (форма №2);
  2. Эненин иштеген жеринен иштеп жаткандыгы боюнча маалымкат;
  3. Эненин паспортунун көчүрмөсү;
  4. Эненин нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  5. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
  6. Ар бир балага “Түндүк” тиркемеси аркылуу жашаган, иштеген же окугандыгын тастыктоочу маалымкат;
  7. Чет өлкөдө жашаган же иштеген балдарынын жашаган, иштеген жана соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат;
  8. “Түндүк” тиркемеси аркылуу үй-бүлөлүк курамы жана жашап жаткан жери тууралуу маалымкат.

Эскертүү:
Эгер эненин балдары каза болгон болсо — тиешелүү күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү кошулат. Эгер аталыш же фамилия өзгөргөн болсо — тастыктоочу документтер тиркелет. Документтерди эң кичүү бала бир жашка чыккан соң тапшыруу керек.

Туура эмес маалымат берилген учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


Маалымат үчүн:

Толук маалымат алуу үчүн:
Сайпидинова Гүлбурак, коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис
0777 29 85 53