Урматтуу Дароот-Коргон айылында кечиндеси тойканаларда жакшылыктарды өткөрүүнү пландаган жарандар.
Тойду той ээси жана тамадалар саат 17:00дө баштап, 22:00гө чейин толук жыйынтыктап берүүсүңүздөрдү өтүнөбүз. Белгиленген тартипти бузган, убакыттан кеч чыккан тойкана ээлерине административдик айып пул салынат. Бул чара түнкү тынычтыкты сактоо жана айыл тургундарынын бейпилдигин камсыздоо максатында киргизилген.
Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоо үчүн документтерди кабыл алуу.

Чоң-Алай айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн документтерди 2025-жылдын 1-декабрына чейин кабыл алат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда гана Президенттин демилгеси боюнча караларын маалымдайбыз. Керектүү […]