Улук административдик кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн:

Кесиптик билим деңгээли:
– тиешелүү тармактагы жогорку билим (укук, экономика, башкаруу, IT, социалдык, педагогикалык, табият таануу ж.б.)

Иш стажы жана тажрыйбасы:
– 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
– маалыматтарды талдоо жана системалаштыруу;
– ченемдик актылар менен иштөө;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын билүү;
– коммуникация жана иштиктүү сүйлөшүү көндүмдөрү.


Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Жеке арыз (резюме менен);
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  4. Диплом, квалификацияны тастыктаган документтер;
  5. Сүрөт (3×4 – 2 даана);
  6. Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  7. Аскердик билет (эгер бар болсо);
  8. Сунуш каттар (каалоого жараша).

Маанилүү: квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандардын документтери кабыл алынбайт.


Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Дароот-Коргон айылы, Ч.Сулайманов көчөсү 70/1, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн имараты. Байланыш телефондор: 0774 012 673, 0990 077 700

Сынактын так күнү талапкерлерге кошумча кабарланат.