Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун онлайн катышуусу менен Чоң-Алай районунун, Чоң-Алай айыл өкмөтүндө жаңы спорт комплекси ачылды.
Бул ири курулуш долбоору аймактын спорт инфраструктурасын чыңдоо, жаштарга спортко жана саламаттыкты чыңдоого шарт түзүү максатын көздөйт.
Жаңы спорт борбору — бул жөн эле имарат эмес, бул:
✅ Жаштардын ден-соолугун чыңдоо мейкиндиги
✅ Спорттун ар кандай түрлөрүнө шарт түзүү
✅ Жаштарды эркин, ден-соолуктуу турмуш-тарзга багыттоо
✅ Аймактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө
Бул ишке Чоң-Алайдын ар бир журтчусунун үмүтү, тилеги бар. Эми биздин балдар, жаштар ар кандай спорт түрлөрү менен жыл бою системалуу түрдө машыга алышат.
Келечек ушул тамырлардан башталат! Чоң-Алайдын келечеги — ден-соолуктуу, бакубат жана күчтүү муундардын колунда.

