Бүгүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жыйындар залында жаңы 2026-жылга пландалган долбоорлор боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү жамааттардын катышуусунда кеңири талкуу болуп өттү.
Иш-чарада KOICA–Good Neighbors IRDP ишке ашырып жаткан “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында Койка уюму тарабынан айыл чарба инфраструктурасына болгон муктаждыктар жана жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо мүмкүнчүлүктөрү бааланды.
Сурамжылоо баракчаларын толтуруу учурунда ар бир айыл өкмөтү тиешелүү Айылды өнүктүрүү комитеттери, Кирешелерди жогорулатуу топтору (IGG), Кирешелерди жогорулатуу комитеттери (IGC)/кооперативдер, ошондой эле талаа кеңешчилери менен биргеликте төрт негизги маселе боюнча сунуштарын билдирди.
Бул сурамжылоо айыл чарба инфраструктурасын жакшыртууга болгон суроо-талапты жана кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого багытталган негизги изилдөө болуп саналат. Андагы жыйынтыктар долбоордун экинчи фазасында каралып, артыкчылыктуу багыттар тандалат.
Жергиликтүү жамааттар тарабынан сунушталган демилгелер:
- Картошканы кайра иштетүүчү цех ачуу
- Сүттү кайра иштетүү өндүрүшүн жолго коюу
- Курут өндүрүү үчүн атайын аппараттарды сатып алуу
- Логистика борбору үчүн картошка сактоочу ящиктерди алуу
- Бөлкө нан жана кондитердик даамдар даярдоочу цех уюштуруу

